100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз берүү сунушталды

100 миң сомго чейинки насыя үчүн күрөө талап кылынбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган.
Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу. Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда.
"Учурда кардардын жолдошунун/жубайынын кредит алууга макулдугу 50 000 сомдон жогорку суммада талап кылынат. Мында кредиттөө системасын өнүктүрүүгө жана оптималдаштырууга байланыштуу, анын ичинде кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системалар колдонулуп жаткандыктан кардардын жолдошунан/жубайынан макулдук алынуучу кредиттердин суммасын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда", — деп жазылат маалыматта.
Чектөө жубайлардын биринин күнөөсү менен үй-бүлө финансылык оор абалга кабылган учурларды токтотууга багытталганы кошумчаланды.
Мамлекет эки жылда ишкерлерге берген пайызсыз насыянын көлөмү айтылды