Акылбек Жапаровго аралыктан жаңы добуш берүү системалары көрсөтүлдү

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аралыктан добуш берген жабдуулар жаңыртылганын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары прензентацияланды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары прензентацияланды

2 / 4

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчү жабдууларды жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жаңыртуу боюнча иштер башталганын белгиледи

3 / 4

Анын айтымында, көп компоненттүү идентификациялык жабдуулар алмаштырылат

4 / 4

Шайлдабекова 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөнүн эске салды

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчү жабдууларды жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жаңыртуу боюнча иштер башталганын белгиледи. Анын айтымында, көп компоненттүү идентификациялык жабдуулар алмаштырылат. Шайлдабекова 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөнүн эске салды.
Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кыларын, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат