Радио

Боронбаев: КМТУнун QS дүйнөлүк рейтингине киргени чоң жетишкендик

КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Эркин Боронбаев КМТУнун QS World University Rankings дүйнөлүк рейтингинин тизмесине кириши университеттин билим берүү стандарттарынын жогорку деңгээлин тастыктап турарын айтты.
Sputnik
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети ЖОЖдордун QS World University Rankings 2025 дүйнөлүк рейтингине кирди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рейтингине электен өткөн гана университеттер кирет.
"Биздин университетке эркиндик берилип, көп иштер жасалууда. Башка университеттер сыяктуу эле эл аралык эмгек рыногунда талап кылынган адистер даярдалып жатат. КМТУнун QS World University Rankings 2025 тизмесине кирип калганы — бул чоң жетишкендик. Анткени рейтинг биздин университеттин дүйнөлүк академиялык аренасындагы позициясын бекемдеп, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Быйыл дагы көп университеттер кошулду. Бул жылы аталган тизмеге аябай көп жогорку окуу жайлар киргени айтылууда. Дүйнөлүк рейтингге бардыгынын киргиси келет. Бирок ага электен өткөн гана университеттер кошула алат. Биздин окуу жай да өлкө боюнча үч үниверситеттин бири болуп кирди. Рейтингге киргенден кийин да көрсөткүчтөрдү жогорулатуу керек. Ошондо гана ордун сактап кала алат", — деди Боронбаев.
Ал QS World University Rankings 2025 тизмесине жогорку окуу жайлар тогуз критерийдин негизинде тандалганын кошумчалады.