Жашыл майсаң, отургучтар жаңыртылат. Бишкектеги стадион реконструкцияланууда

Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев дем алыш күндөрү стадионду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев дем алыш күндөрү стадионду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
1 / 5

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат

2 / 5

Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев дем алыш күндөрү стадионду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди

3 / 5

Анын айтымында, азыр ал жерде жашыл майсаң, чуркоочу жол жана отургучтар демонтаждалууда

4 / 5

Реконструкциядан кийин борбордук стадион эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленди

5 / 5

Сентябрда стадиондо футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында кыргыз курама командасынын беттештери өткөрүлө баштайт

Анын айтымында, азыр ал жерде жашыл майсаң, чуркоочу жол жана отургучтар демонтаждалууда.
"Иш 10-июнда башталган. Объектиде бир подрядчы иштеп жатат, муктаждык жаралса башкалар да тартылат. Азыркы тапта стадиондун шибери, трибуналары демонтаждалып бүтүп калды. Кийинки жумада алар жаңыртыла баштайт", — деди Орунтаев.
Реконструкциядан кийин борбордук стадион эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери белгиленди.
"Курулуш иштерин сентябрдын ортосуна чейин толук бүткөрүү пландалууда. Иш тынымсыз жүргүзүлөт. Натыйжада спортчулар үчүн жаңы кийинүүчү жай, меймандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт", — деди ал.
Сентябрда стадиондо футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында кыргыз курама командасынын беттештери өткөрүлө баштайт. "Ак шумкарлар" Азиянын күчтүү командалары менен беттешет.
Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоону тапшырды