Медведев: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ЕАЭБ менен кызматташууга кызыгуусу өсүүдө

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын айтымында, Россия ЕАЭБ, АСЕАН жана ШКУнун потенциалын айкалыштыруу келечегине оптимисттик көз караш менен карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ЕАЭБ менен кызматташууга кызыгуусу өсүүдө. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал "Көп полярдуу дүйнө үчүн дүйнөлүк көпчүлүк" аттуу партиялар аралык форумдун жүрүшүндө "Суверендүү мамлекеттердин финансылык-экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда Россиянын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн жооптуу саясий күчтөрүнүн ролу" аттуу тегерек столдо сүйлөгөн.
Медведевдин айтымында, Россия ЕАЭБ, АСЕАН жана ШКУнун потенциалын айкалыштыруу келечегине оптимисттик көз караш менен карайт.
"Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташууга болгон кызыгуусун канааттануу менен белгилегим келет. Былтыр ноябрда Жакартадагы катчылыкта (АСЕАН – ред.) ЕАЭБ күндөрү болуп өттү. Өлкөлөр Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташууну да тыкыр карап жатышат. Бул ишти кыйла жакшыртып, аны практикалык деңгээлге чыгарат. Ошондуктан жалпысынан ЕАЭБ менен ШКУнун потенциалын айкалыштыруу келечегине оптимисттик көз караштабыз", — деди Медведев.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) 10 мамлекет: Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Таиланд жана Филиппин кирет. 1996-жылдан бери Россия АСЕАНдын толук кандуу диалогдук өнөктөшү болуп саналат.
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат