Радио

Ашыралиева: организмдин антибиотикке туруктуулугунан адам өлүп да калат

Улуттук саламаттык сактоо институтунун клиникалык микробиология жана антибиотикке туруктуулук боюнча координатору Дамира Ашыралиева кайсы убакта организм антибиотикти тоготпой каларын түшүндүрдү.
Sputnik
Бактериялар козгогон ооруларга антибиотиктер колдонулат. Тилекке каршы, аны туура эмес, башаламан пайдалангандыктан организмде антибиотиктерге туруктуулук пайда болот. Бул тууралуу Дамира Ашыралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын антибиотикке туруктуулуктун кесепетинен беш миллионго жакын адам каза болот.
"Ар кандай жугуштуу оорулар бар. Аларды вирустар, инфекциялар жана ар кандай микрорганизмдер козгошу мүмкүн. Буга каршы дарынын түрлөрү колдонулат. Ошол эле учурда бактериялар козгогон ооруларга антибиотиктерди беребиз. Тилекке каршы, аны туура эмес пайдалангандыктан организмде антибиотиктерге туруктуулук пайда болот. Антибиотикке туруктуу бактерия инфекция козгосо бейтапты дарылоо иши көйгөй жаратат. Мындай учурда улам күчтүү антибиотиктерди колдонууга туура келет. Акча да көп кетет. Бул адам өлүмү менен аяктап калышы толук ыктымал. Антибиотикке туруктуулукту козгогон бактериялар суу, тамак-аш жана күнүмдүк колдонгон каражаттар аркылуу да жугушу мүмкүн. Ошондуктан ал бир эле чөйрөнү эмес, бир нече чөйрөнү камтыйт. Азыр дүйнөдө жылына беш миллион адам организмдин антибиотикти тоготпогон себебинен көз жумат. Эгер ушул жол менен кете берсек бул көрсөткүч эки эсе өсөрү айтылууда. Ошондой эле жылына 46 миллиард доллар антибиотикке туруктуулукту козгогон инфекцияларды дарылоого кетет," — деди Ашыралиева.
Ал келечекте антибиотикке туруктуулуктун кесепетинен жылына 10 миллион адам өлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.