19-июнга карата аба ырайы

19-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Шаршембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас аймагында 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын өрөөнүндө 19…24 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 30…32 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 25…27 градусту көрсөтөт.
Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу