Туугандары жок экенине арман кылган. Саякбай Каралаевди эскерүү

Sputnik
Саякбай Каралаевдин айтуусунда жазылган "Манас" эпосунун вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзөт. Дүйнө элинин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин "Илиада" жана "Одиссеясынан" 20 эсе, "Шахнамеден" беш эсе, "Махабхаратадан" эки эсе чоң.Залкар манасчы 1894-жылы 7-сентябрда Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөңдүн Семиз-Белинде туулган.
Саякбай Каралаевдин өмүр-таржымалын, анын кубанычы, кайгысы туурасында кызы Гүлсүн Саякбаева айтып берди.