Конго-крым гемморагиялык оорусу кайра кайтып келеби?

Sputnik
Конго-крым геморрагиялык ысытмасы (ККГЫ) – адамга кенелер аркылуу же ылаңдаган жаныбарлар менен байланышта болгон вирустан келип чыккан зооноздук оору. Кыргызстанда ооруларды натыйжалуу башкаруу жана эпидемияны алдын алуу үчүн өз убагында диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү зарыл. Буга байланыштуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар республикалык борборунда «Бир ден-соолук» (Единое здоровье) концепциясынын алкагында ККГЫ оорусу боюнча тренинг өткөрүлгөн.
Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар республикалык борборунун директорунун орун басары Нурболот Усенбаев Конго-крым геммарагиялык ысытмасынын өзгөчөлүгү жана өткөн тренингдин максаты, иштер тууралуу кенен айтып берди.