Дыйкандарды жүдөткөн чегиртке — Зыянкечтер менен күрөш кандай жүрүүдө?

Sputnik
Жай мезгилинде Кыргызстандын айрым аймактарында айдоо жерлерин, жайыттарды чегиртке каптап кадимкидей көйгөй жаралат. Анын алдын алуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жыл сайын дары чачат. Бирок ага карабай чегиртке дыйкандарды жүдөткөн учурлар кездешет. Быйыл абал кандай, алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатабы?
Ушул жана башка суроолорго Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин адиси Алмаз Алакунов жооп берди.