Петербург эл аралык форуму эң ири экономикалык аянтчага айланды — кызматташтык жаңы деңгээлде чыкты

Sputnik
Жакында эле Санкт-Петербургда 27-Петербург эл аралык экономикалык форуму болду. Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын катышуучу келген. Негизги көңүл биримдиктин курамын кеңейтүү планы менен кошо БРИКС өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө да бурулду. Кыргызстандын делегациясы, түзүлгөн келишимдер, кызматташуунун жаңы деңгээли тууралуу Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев жана Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров жооп беришти.