Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды

Ал эми чет жактан бул мезгил аралыгында 923,3 миллион доллар которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь-апрель аралыгында Кыргызстандан чет мамлекеттерге 173,2 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, өткөн жылдын ушул маалында бул көрсөткүч 204,3 миллион долларды түзгөн. Кеп жеке жактардын транзакциялары тууралуу болууда.
Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын суммасы сыртка которулганга караганда көп болууда. Ушул жылдын төрт айында республикага чет өлкөлөрдөн 923,3 миллион доллар которулган, анын көбү Россиядан жөнөтүлгөн.
Кыргызстанга дээрлик 920 млн. доллар которулган. 4 айдын маалыматы