Ташиев: менчиктештирилип кеткен объектилерди өкмөткө өткөрүш керек. Видео

УКМКнын төрагасы Жалал-Абадда үч чоң автобазаны кайтарып, биринин жерине эки мектеп салынарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда үч автобазанын жери мамлекетке кайтарылганын айтып, элдин байлыгын басып жаткан байларды тартипке саларын эскертти.
УКМКнын төрагасы мурдагы башаламан учурларда азыркы айрым байлар көп ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алып, коррупциялык жолдор менен менчиктештиришкенин белгилеген.
"Булар элдин, силердин байлыгыңар. 5-10 киши миллиондогон адамдын байлыгын басып алып жүрөт. Алардын баарын кайтарыш керек. Мисалы, Жалал-Абаддагы үч чоң базаны кайтардык. Бирөөнүн жери төрт гектар экен, эми ал жакка эки мектеп салабыз. Бирине ипотекага үй курабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери бай болуп жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек", — деген Ташиев.
Жалал-Абаддын борбордук аянтын жаңыртууга 900 млн. сом жумшалат