Радио

Иманбекова: Орус драма театрында артисттерге жакшы шарт түзүлгөн

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Иманбекова жалпы театрдын Россия менен алакасын айтып берди.
Sputnik
Жылына театрдын 3-4 артисти РФке атайын окутууга жөнөтүлүп, квалификациясын жогорулатып келишет. Бул тууралуу Алтынай Иманбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштардын театрга келүүсүнө көңүл бурулуп, кызыккандар да көбөйдү.
"Биздин коллектив 31-августтан 5-сентябрга чейин Москва шаарындагы "Моссовет" театрына "Мастер и Маргарита", "Баба Шанель", "Куклы", "Пегий пёс, бегущий краем моря" жана "Любовь и голуби" спектаклдерин алып барабыз. Ал эми 20-25-сентябрда Нижний Новгород шаарында суроолор боюнча "Пиковая Дама" спектаклин коёбуз. Быйыл Александр Пушкиндин 225 жылдыгына карата фестиваль өтөт. Мындан тышкары, көркөм кеңештин тандоосу менен жылына 3-4 артистти Россияга сахна чеберчилиги, сахна кеби боюнча окууга жиберебиз. Ушул жаатта билим алып, квалификациясын жогорулатып келишет. Мунун баары атайын келишимдин негизинде ишке ашат. Театрда иш көп. Ар кандай жанрдагы спектаклдер коюлууда. Анан ар бир режиссёр өз тажрыйбасына таянып башкача иштейт. Ушунун баары актёрлор үчүн мектеп. Сахнага жарык берүүчү, үн боюнча жаңы жабдуу койгонбуз. 2023-жылы Москвадан адистер келип жарык, үн менен иштөө боюнча окутуп кетишти. Борбордо өткөн Вахтангов театр фестивалына бир топ өлкөлөрдүн театрлары келип, көп маселелер боюнча пикир алыштык. Алар өздөрүнүн иштерин, абалын айтып беришти. Салыштыра келгенде бизде элдин келүүсү, билет баалары жакшы экен", — деди Иманбекова.
Ал Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын кыргыз тилдүү театрлар менен кызматташуусу, алакасы жакшы экенин кошумчалады.