Пенсиялык топтомо каражатын канча адам алганы айтылды. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Пенсиянын топтомо бөлүгүн 1-июнга карата 203 217 адам алган. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында айтылат.
Статистикага ылайык, аларга жалпы 3 миллиард 707,7 миллион сом төлөнүп берилген.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн алгандар:
пенсия курагына жеткендер — 181 650 адам (2 миллиард 81,2 миллион сом);
чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендер — 3 925 адам (187,6 миллион сом);
каза болгондордун мураскорлору — 10 574 адам (269,4 миллион сом);
аскер кызматкерлери — 900 адам (8,6 миллион сом);
ипотека алып жаткандар — 358 адам (74,1 миллион сом);
ипотека алгандар — 5 155 адам (1 миллиард 16,7 миллион сом);
турак жайды ижарага алуу боюнча төлөм төлөгөндөр (МИК ААК каржылайт) — 65 адам (7 миллион сом);
расмий жумушсуз деп таанылгандар — 209 адам (3,5 миллион сом);
оор илдети бар адамдар — 381 адам (56,6 миллион сом).
Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты