Обама "катып калган" Байденди тарапташтарынын жолугушуусунан жетелеп кетти. Видео

Обама "катып калган" Байденди жолугушуудан жетелеп кетти. Видео
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы лидери Барак Обама азыркы президенти Жозеф Байденди сахнада "катып калганда" жеңинен аярлап тартып, далыга таптай алып чыгып кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул учурдан тартылган видео бир топ социалдык тармактарга тарап кетти. Окуя Лос-Анжелесте донорлордун иш-чарасында болгон. Сахнада өлкөнүн мурда жана азыр башкарган лидерлер — Барак Обама менен Байден турган. Көптөрдүн объективине түшүп калган ирмемдер ушул учурда тартылган. Обама колун булгап кетип баратып, Байден кыймылсыз тура бергендиктен кесиптешин алып чыгып кетишке туура келген.
Коомчулуктун көңүлүн бурган окуя 10-июнда да кайталанган. Анда Байден Ак үйдө Кулдарды бошотуу күнүнө карата концерт уюштурулган. Чакырылгандар музыканын темпине түшүп бийлеп, ал эми президент селейген тейде, ал тургай көз ирмебей тура бергенин ошол жердегилер тартып алышкан.
Ала арада CBS телеканалы Байден Италиядан, G7 саммитинен кийин дароо эле барган Лос-Анжелестеги бул иш-чара аны кайра шайлоо кампаниясына каражат чогултуу рекорддук көрсөткүчтү жаратканын кабарлады. Ал дээрлик 30 миллион доллар топтоп алганы айтылды.
Байден Италиядагы саммит учурунда эки ирет калпыстык кетирди. Видео