Радио

Мамашева: сүйлөөсү кечеңдеген балдарды эрте коррекциялоо керек

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева сүйлөөсү кечеңдеген балдардын маселесин чечүү керектигин айтты.
Sputnik
Баланын сүйлөөсүндөгү кемчиликти эрте аныктап, аны алты жашка чейин коррекциялоо өтө маанилүү. Бала бакчаларда логопеддер жок болгондуктан буга тарбиячылардын компетенттүүлүгү туура келбейт. Бул тууралуу Айсулуу Мамашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорун жазууга азырынча эрте. Себеби учурда уюштуруу иштери жүрүп, адистер менен иштешип, маалымат чогултулуп жатат.
"Жылдан-жылга сүйлөөсү кечеңдеген жана сүйлөшүүдө эч кандай реакция жасабаган бөбөктөрдүн саны көбөйүп баштады. Мамлекеттик бала бакчаларда логопеддер да жок. Бөбөктөрдүн дартын эрте аныктоо маселеси да көйгөй жаратууда. Бул жаатта жасалган иштердин натыйжасы да жакшы эмес. Анткени көптөгөн ата-энелер бизге кайрылып, сүйлөбөгөн балдар боюнча маселени эч ким укпай жатканын айтышты. Ошол эле учурда атайын бакчаларга, мектептерге кире албай жаткандар бар экен. Мунун себеби — баягы эле коррупция. Ага көп акча сураарын айтып даттанышат. Ошондуктан ушул маселени көтөрүп чыктым. Ден соолугу чың, акыл-эси ордунда, бирок жакшы сүйлөй албаган балдарын логопедиялык бала бакчага акча төлөп киргизген менин да тааныштарым бар. Бөбөктүн тили эмне үчүн кеч чыгып жатканын аныктап, сүйлөөсүн 6 жашка чейин коррекциялоо өтө маанилүү. Ага чейин бала менен жакшылап сүйлөшүп, кошо дарылоо жардам берет", — деди Турусбекова.
Ал ата-энелер балдарынын маселесин оор кабыл алып, убагында моюндабаганы да көйгөй жаратарын кошумчалады.