Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди. Токтомдун чоо-жайы

Реестрди түзүүнүн максаты жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 12-июнда жарык көргөн.
Маалыматка ылайык, анын максаты — жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
"Реестрге кирбеген мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтар үчүн мекеме жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленген. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы мыйзамдарга ылайык түзүлөт жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып бекитилет", — деп жазылган маалыматта.
Токтомдун күчү төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
мамлекеттик ишканаларга;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);
ЖМК катары катталган мамлекеттик менчик формадагы юридикалык жактарга;
театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө;
өзгөчө статусу бар мамлекеттик ЖОЖдорго.
Ошондой эле өз милдеттерин аткарып жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалардын бири-бири менен кызматташуусу жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылары айтылган. Бул аракеттерге дагы токтомдун күчү жайылтылбай турганы кошумчаланды.
Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Берилчү артыкчылыктар