Кыргызстан төрт айда 3,1 тоннадан ашык алтын сатты

Апрель айында Кыргызстан Британияга алтынlsy экспортун жанданткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан апрелине чейин Кыргызстандан 212,2 миллион долларга 3 121,7 килограмм алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкө сыртка 1411,2 килограмм баалуу металл саткан.
Алтынды сатып алган мамлекеттер:
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 422 килограмм;
Швейцария — дээрлик 971,5;
Улуу Британия — 714,6;
БАЭ — 13,5 килограммдан ашык.
Жүргүзүлгөн анализден апрель айында бул металл бир тоннадан ашыгыраак сатылганын, негизинен Улуу Британияга экспорттолгонун көрүүгө болот. Кыргызстандын алтынын Гонконг жана БАЭ бир аз сатып алган.
Апрель айында Кыргызстан Британияга алтын экспортун жанданткан. Эске салсак, Кыргызстан Улуу Британияга ири көлөмдө алтын сатып келген. Бирок 2021-жылы экспорт кескин кыскарган.
Садыр Жапаров алтын камтыган руда менен концентратты экспорттоого салынган тыюуну алды