Кыргызстанда 55 миң гектарга чукул жерди чегиртке каптады

Министрлик быйыл жазда аба ырайы жакшы болгондуктан мурда кездешпеген жерлерде да чегирткенин очоктору пайда болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Айыл чарба үчүн пайдаланган жердин 54 795 гектарын чегиртке каптады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Адистер жалпысынан 76 210 гектар жерди изилдешкен. Министрлик быйыл жазда аба ырайы жакшы болгондуктан мурда кездешпеген жерлерде да чегирткенин очоктору пайда болгонун белгиледи.
"Мындан улам адистер зыянкечтер 90 миң гектарга чейин жайылып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда. Учурда 44 950 гектар жер химиялык заттарды колдонуу менен чегирткелерден тазаланды", — деп айтылат маалыматта.
Ведомство аталган заянкечтер жок кылынып жатканын, ал үчүн атайын техникалар жетиштүү экенин кошумчалады.
Кыргызстанда чегирткелердин 50дөн ашык түрү бар. Алар негизинен үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Үйүрлүүлөрү сугалак келет. Маселен, 500 миң чегиртке бир күндө 2 500 адамдын тамагын жейт. Ошондой эле көбөйүүгө жөндөмдүү келип, бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт.
Радио
Кыргызстанда дыйкандарга чегирткенин эки түрү коркунуч жаратат