БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. 18-июнь, шейшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Баткен өрөөнүндө +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +21...+26, Нарында +22...+27 градус болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бишкекте күндүн табы +31...+33, Ошто +33...+36 градуска чыкса, термометр Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтөт.