Инфляция: баалардын өсүшүн ким токтото алат?

Sputnik
“Инфлацияга байланыштуу”, “инфляция өсүп кеткендиктен” деген терминди көп угабыз. Демек бул баалардын көтөрүлүшү экенин да жакшы түшүнөбүз. Бирок ал эмнеден улам пайда болот, ким токтотуп кала алат, такыр инфляция болбой калышы мүмкүнбү, анын экономикага таасири кандай? Ушул жана башка суроолорубузга “Экнономикалык панорама” уктуруусунун алкагында экономист, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытовдон жооп алабыз.