Кыргызстан мөмө-жемиш өндүрүүдө дүйнөдө лидерлердин катарына кантип кошулат?

Sputnik
Кулпунайды экспортко чыгарууну колго алышкан ата мекендик өндүрүүчүлөр жакынкы жылдары экспорттун көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү боюнча алдыга максаттуу пландарды коюп жатат. Мөмө-жемиш өндүрүмүнүн экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү, экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдун азыркы абалы, дыйкандардын агрардык сабаттуулугу, потенциалдуу сатуу рыноктору тууралуу Мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жооп берди.