ЖКККББ: жол эрежесин бузгандарды жүргүнчүлөр да аныкташууда

Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган 0777 102-102 WhatsApp номерин ишке киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек — Ысык-Көл жолу менен каттаган маршруттук таксилердин жол эрежелерин бузганын аныктоого жүргүнчүлөр көмөктөшө баштады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган 0777 102-102 WhatsApp номерин ишке киргизген.
Маалыматка ылайык, ага жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузганын сүрөт жана видеого тартып жөнөтүшкөн.

"Эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү үчүн ЖКККББнын транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү рейддик иш-чараларды жүргүздү. Бишкектен жол эрежелерин бузган айдоочулар Ысык-Көл облусунун кире беришинен токтотулуп, жалпысынан 28 протокол толтурулуп, 135 000 сомдук айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маршруттук унаалардын айдоочуларынын кан басымы текшерилип, жол эрежелери боюнча тийиштүү нускамалар таратылганы кошумчаланды.
Автокырсыктарды алдын алуу боюнча эмне жасалууда? Жол милициясынын жообу