Радио

Анарбеков: заманбап вагондор туристтердин мактоосуна татып жатат

"Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдес Анарбеков заманбап вагондорго туристтер тарабынан кызыгуу көп экенин айтат.
Sputnik
Бишкек — Балыкчы — Бишкек поезд каттамындагы жаңы вагондор тууралуу туристтерден сунуш-пикирлер китепчесине билдирүү көп түшөт. Арасында мактоо дагы, жетишпестиктер тууралуу даттануулар дагы бар. Бул тууралуу Абдес Анарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтердин билдирүүлөрү анализделип, тийиштүү аракеттер көрүлөт.
"Бул вагондор менен ички туристтер, ошондой эле чет өлкөдөн келген эс алуучулар дагы көп катташат. Ал жакта сунуш-пикирлерди калтырган китепчелер турат. Кореядан, Европадан келген туристтер жакшы пикирлерин жазып кетишти. Даттануулар дагы түшөт. Буга чейин "вагондор аз болуп жатат, билеттерди вокзалдарда эле эмес, онлайн дагы сатып алууга шарт түзсөңөр" деген сунуштар түшкөн. Кайрылууларды эске алып, быйыл жаңы мобилдик тиркеме ишке кирди, билеттер онлайн сатыла баштады. Ошондой эле вокзалдан барып сатып алгысы келгендерге дагы мүмкүнчүлүк бар. Ал жакта дагы кассалар иштеп жатат", — деди Анарбеков.
Жетекчи ошондой эле былтыр Бишкек — Балыкчы — Бишкек поезд каттамы менен 33 миң 500 жүргүнчү жол жүргөнүн, быйыл андан көп болору күтүлүп жатканын кошумчалады.