Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Бардык аймактарда өткүн өтүп турганы менен апта бою күн ысык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 16-июндан 22-июнга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ичи ысык болуп, аптанын аягында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 36-37 градуска чейин жетет.

Бишкекте

18-19-июнда күндүз өткүн өтүшү мүмкүн, калган күндөрү күн ачык болот. Күндүн табы 33...36 градуска чейин чыгат.

Чүйдө

Тоолуу райондордо апта ичи күндүз өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.

Таласта

20-21-июнда регион боюнча күн ачык болот. Калган күндөрү тоолуу аймактарда өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы жуманын аягында 28...34 градуска чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде

Үч аймакта жума ичи тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Синоптиктер бийик тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн экенин айтууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл менен Нарында

20-21-июнда аймактарда жаан-чачын болбойт. Башка күндөрү тоолуу жерлерде өткүн өтөт. Абанын температурасы 26...28 градуска чейин көтөрүлөт.
Июлга карата аба ырайы. Ысык 39 градуска чыгат