Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина боюнча Швейцариядагы жыйында бир катар өлкөлөр коммюникеге кол койгон жок

Кремль украин көйгөйүнөн чыгуу жолдорун Россиясыз издөө таптакыр акылга сыйбай турганын бир нече ирет эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Швейцариянын Бюргеншток шаарында Украина боюнча өткөн конференцияга катышкан БРИКС мамлекеттери иш-чаранын жыйынтыктоочу коммюникеге кол коюудан баш тартышты. РИА Новости бул документке кол койгондордун тизмесинен белгилүү болгонун жазды.
Буга чейин Украина ТИМинин жетекчиси Дмитрий Кулеба швейцариялык саммиттин декларациясынын тексти даяр экенин, Киевдин принципиалдуу позицияларынын баары камтылганын билдирген.
Коммюникеге кол койгон мамлекеттердин тизмеси Бюргенштоктогу маалымат борбордун экрандарына чыгарылган. Ага 91 өлкөнүн 79у кол койгону маалым болду. Кол коюудан Армения, Бахрейн, Бразилия, Индия, Индонезия, Ливия, Мексика, БАЭ, Сауд Арабиясы, Ыйык престол, Таиланд жана Түштүк Африка Республикасы баш тарткан.
Швейцария президенти Виола Амхерд коммюникеде туткундалган аскер кызматкерлеринин баарын бошотууга, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө сый мамиле жасоого, бардык тараптарды диалогго келүүгө чакырык жасап, азык-түлүк жана өзөктүк коопсуздуктун маанилүүлүгү, ошондой эле экинчи конференцияга чогулуунун зарылдыгы айтылганын тактады.
Жума күнү кечинде РФ президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык сунуштаарын айткан. Ага ылайык, Крым, ЛЭР, ДЭР, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын аймагы катары таанылып, Украина НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек. Мындан тышкары, Киевдин демилитаризациясы жана денацификациясы ишке ашып, антироссиялык санкциялар алынышы кажет. Украин тарап мындай демилгени четке какты. Зеленский Москванын сунушун ультиматум деп атаса, кеңешчиси Михаил Подоляк бул эч кандай "реалдуу тынчтык сунушу" эмес экенин кошумчалаган.
Швейцарияда 15-16-июнь күндөрү Украина боюнча конференция өттү. Ага катышуу ниетин 92 мамлекет жана 55 өлкө башчы, ошондой эле Евробиримдик, Европа кеңеши жана БУУ сыяктуу сегиз уюм билдирген. Россия иш-чарага чакырылган эмес. Ал арада Кремль украин жаңжалын Россиясыз жөнгө салуу дегеле мүмкүн эмес экенин эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: фронттогу кырдаал Украина үчүн абал улам начарлай берерин көрсөттү