Кут-берекенин жышааны. Садыр Жапаров Курман айтка карата куттуктоо жолдоду

Өлкө башчы ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктарга да токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Курман айт жана андагы жөрөлгөлөр мусулмандардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойноп, коомдук биримдикти чыңдап, өз ара сый-урматтын, эриш-аркак байланыштын, кут-берекенин жышааны болуп келген жана боло берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда Курман айт белгиленип жатат.
Жапаров бул майрам бүгүнкү күндө да адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, ынсаптуу, ырайымдуу, ыйбаалуу болушуна үндөп келерин белгилеген.

"Акыркы жылдары өлкөбүздө улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Биз, албетте, өлкөбүздөгү көп этностуу жана көп конфессиялуу элибиздин үмүт-тилегин ишке ашырууга, өлкөдөгү ар улуттардын маданиятын сактоого, Кыргызстанды Ата Мекеним деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын бийик максаттарына жетүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Биргелешкен күч-аракетибиз менен Кыргызстанды достуктун жана сабырдуулуктун өкүмү сүргөн, улутуна, тилине, динине карабастан тынчтык жана бакубатчылык орногон өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем", — деди президент.

Өлкө башчы өз сөзүндө 6 миңден ашуун мекендеш ажылык милдетин аткаруу үчүн алыскы сапарда жүргөнүн эске салып, алардын бата-дубаларынын кабыл болушуна тилектештигин билдирди.
Жапаров куттуктоосунун аягында жүрөктө ыйман уялап, ар бир үйгө ырыскы толушун каалаган.
Курман айтта кандай мал союлушу керек. Эске алчу эрежелер