Ростов-на-Донунун тергөө абагындагылар кызматкерлерди барымтага алышты. Талабы

Кызматкерлерди террорчулукка айыпталып жаткандар барымтага алышканы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы тергөө абагынын эки кызматкерин айыпталуучулар барымтага алышкан.
РИА Новости агенттиги аймактагы укук коргоо органдарындагы булактарга таянып алардын талабын жазды. Маалыматка ылайык, барымтачылар транспорт жана абактан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талап кылышууда.
"Алар (барымтачылар) транспорт жана СИЗОдон чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн талап кылышууда. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", — деген органдагы булак.
Ошондой эле ал кызматкерлерди барымтага алгандарга "Террорчулук" беренеси менен айып тагылып, иш каралып жатканын билдирген. Алар өрт учурунда эшик, терезелерди ача турган балта жана дубинкалар менен куралданышканы айтылды.
Буга чейин Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкы башкармалыгынын Ростов облусу боюнча №1 тергөө абагындагы камералардын биринде кармалган айыпталуучулар эки кызматкерди барымтага алышканын маалымдаган. Тергөө абагы штаттык режимде ишин улантууда.
Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео