Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина курал-жарак боюнча кабылган дагы бир көйгөй ачыкталды

Украинадагы булактар басылмага айрым куралдардын баасы алты эсе кымбаттаганын тастыктаган тизмени берген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Украина ортомчулардан курал-жарактын баасы асманды чапчыса да сатып алууга мажбур болууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Times басылмасына таянып жазды.
"Украинанын көйгөйү эмнеде? Бул ортомчулар кантип ортодон чоң акча жасоону билишет, куралдын баасын асманга чыгаруу үчүн согушту пайдаланышат", — деп жазылат маалыматта.
Украинадагы булактар басылмага айрым куралдар алты эсе кымбаттаганын тастыктаган тизмени берген. Анын катарында 122 миллиметрлик раективдүү система да бар.
Украинанын коргонуу боюнча сатып алуулар агенттигинин негиздөөчүсү Владимир Пикузо айрым жеткирүүчүлөр жана курал-жарак сактаган кампалардын ээлери алты айдан кийин куралдын баасы эки эсе өсөрүн билгендиктен аны болушунча көпкө чейин кармап турушарын белгилеген. Адистин эсеби боюнча, согуш талаасындагы абалды өзгөртүү үчүн 200 миллиард доллардай каражат сарпталышы керек.
Коргонуу боюнча сатып алуулар агенттиги Советтер Союзу учурундагы куралдарды издеп жатканы жазылат маалыматта. Өзгөчө кампаларда калган ок-дарыларга кызыкчылык чоң, себеби учурдагы запас аз убакытта түгөнөт.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка аралаштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Конгрессинен Украинаны колдоого деген акчанын көпкө жетпесин айтышты