Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: фронттогу кырдаал Украина үчүн абал улам начарлай берерин көрсөттү

Буга чейин Россия президенти Киев менен сүйлөшүүнүн шарттарын атаган. Ал үчүн Украина аскерлерин Россиянын жаңы аймактарынан толук чыгарып, НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Украина үчүн кырдаал мындан да начарлай берет. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын тележурналист Павел Зарубин жарыялаганын РИА Новости жазды.
Песков Владимир Зеленский учурунда Украинаны сактап калам, тынчтыкты орнотом деген ниет менен президенттикке келгенин эске салган.

"Ал (Зеленский — ред.) кресло үчүн кармалбай турганын, мекени үчүн баарына даяр экенин дайым айтып келген. Абалды начарлатпаш үчүн баарына даярдыгын эми көрөбүз. Путин тынчтык демилгелерин сунуштап, саясий-дипломатиялык багытка өтүү аракеттери көрүлгөн сайын фронтто кандайдыр бир жагдайлар жаралат. Украина үчүн абал ар бир аракет болгон сайын начарлап барат. Фронттогу азыркы динамика Украина үчүн кырдаал мындан ары да оорлошо турганын ачык көрсөтүүдө", — деген Песков.

Ошондой эле маалымат катчы мекендин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктарынан, ал тургай "кожоюндарынын" кызыкчылыктарынан жогору койгон саясатчы мындай сунуштун үстүнөн ойлонуп көрмөктүгүн белгилеген.
"Алдыда эмне болорун көрөбүз. Бул ультиматум эмес, бул — чындыгында абал кандай болуп жатканын эске алуу менен айтылган тынчтык демилгеси", — деди маалымат катчы.
Владимир Путин 14-июнда өлкө ТИМинин жетекчилиги менен жолугушууда Киев менен сүйлөшүүнүн шарттарын атаган. Анын айтымында, Москва дайым тынчтыкка умтулуп келген. Жай жашоо орношу үчүн Украина аскерлерин Россиянын жаңы аймактарынан толук чыгарып, НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдуманын спикери: Жогорку Раданын депутаттары Путиндин сунушун талкуулоодо