Радио

Мураталиев: кызматкерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө мекеме шарт түзүшү керек

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу кандай шартта жүрөрүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттик тилди билбеген кызматкерлеринин окуп-үйрөнүүсү үчүн иш берген мекеме шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлеринин мамлекеттик тилди жеткиликтүү деңгээлде үйрөнүүсүнүн мөөнөтүн иш берүүчү өзү аныктайт.
"Иштеп жаткан кызматкерлер менен жумушка жаңыдан орношуп жаткандарга мамлекеттик тил боюнча талап эки башка коюлат. Иштеп жаткандар эгер мамлекеттик тилди билбесе үйрөнүүгө иш берүүчү шарт түзүп бериши керек. Ал эми жаңы ишке кирип жаткандар мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктоо менен жумушка орношот. Кызматкерлердин канча убакытта тилди үйрөнөрүн дагы иш берүүчү мекеме аныктайт. Мисалы, "биздин кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырууга алты айда даяр болот же беш айда даяр болот" дешет. Ошол мөөнөттөн соң гана сынак тапшырышат. Муну менен катар эле мамлекеттик тил эне тили болбогон башка этностун өкүлдөрү бар. Алардан да дароо эле жеткиликтүү деңгээлде үйрөнүп алуу талап кылынбайт. Иш берүүчү мөөнөттөргө бөлүп, белгилүү убакытта "А1", андан соң "А2", кызматы талап кылса "Б1" деңгээлин үйрөнөт деп аныктап берет", — деди Мураталиев.
Ал мекемелерге мамлекеттик тилди окуткан курстарды уюштурууга аталган комиссия жардам берүүгө ачык экенин кошумчалады.