Ташкенттен келген алгачкы учакты Тамчыдан салтанаттуу тосуп алышты. Видео

Мындан ары Ташкенттен учак шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү Ысык-Көлгө каттап турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Ысык-Көл" аба майданында Ташкент — Ысык-Көл аба каттамы аркылуу келген биринчи учакты тосуп алышты. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Өзбекстандын Silk Avia компаниясы Ысык-Көлгө каттам ачкан. Бүгүн Ташкенттен Кыргызстандын берметине 50дөй жүргүнчү учуп келди. Өзбекстандын борбор шаарынан Ысык-Көлгө чейинки учуунун убактысы эки саат.
Мындан ары Ташкенттен учак шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү Ысык-Көлгө каттап турмакчы. Алдыда рейстерди көбөйтүү планы бар экенин кошумчалашты.
Бишкектен Куала-Лумпурга түз авиакаттам ачуу сүйлөшүлүүдө