Жаңы келген эмгек министрине кантип кайрылса болот? Жол-жобосу

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жаңы дайындалган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жума күндөрү жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министрге жума күндөрү саат 08:00дөн 10:00гө чейин кирүүгө болот. Кабыл алуу 0312 66 01 07 телефону аркылуу жүргүзүлмөкчү.

“Биринчи кабыл алуу 14-июнда болду. Коомдук кабылдамада министр санаториялык–курорттук жолдомо, жумушка орноштуруу, активдүү узак жашоо борборун түзүү боюнча жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту. Бардык кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болду