Бишкек мэриясы жашыл аянтка унаа токтоткондор жазаланарын эскертти

Эреже бузган жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом өлчөмүндө айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы автоунаасын жашыл аянтка токтоткондорго айып салынарын эске салды.
"Борбор шаардагы жашыл аймактардын көбү башаламан унаа токтотуучу жайга айланган. Скверлер да бара-бара унаа токтотуучу жайга айланып, чөп өсө турган жерди баткак басып, ылай болууда", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эреже бузган тургундарга айып салынып жатканын белгиледи. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жашыл аянтка унаа токтоткон жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып салынары эскертилди.
Бишкекте санитардык-экологиялык эреже бузгандарга 1,5 млн. сом айып салынды