Бишкекте айдоочулар жумушка алынат. Талаптары

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. – Sputnik. “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат.
Негизги талап "D" категориясы бар айдоочунун күбөлүгү болуп саналат.
“Иштөө үчүн ыңгайлуу шарттар жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн белгилейбиз”, - деди ишкана.
Мындан тышкары, кампа башчысы да керек. Айлыгы 27800 сом. Талаптар: 1c программасын билүү жана жогорку билими тууралуу дипломдун болушу зарыл.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылууга болот.
Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат? Министрликтин түшүндүрмөсү