Жол милициясынын иши эми видеокамера аркылуу тыкыр көзөмөлгө алынат

Жол инспекторлор GPS менен видеокамера орнотулган унаалары менен Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Туристтик сезондо жол милициясынын иши тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
1 / 4

Туристтик сезондо жол милициясынын иши тыкыр көзөмөлгө алынат.

2 / 4

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын унааларына GPS менен видеокөзөмөл орнотулуп, борбордук тутумга туташтырылды.

3 / 4

Учурда жол инспекторлору туристтик сезонго карата Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл облусунда GPS жана видеокамера орнотулган 160 патрулдук унаа менен иш алып барууда.

4 / 4

Мындан тышкары, жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктай турган “АвтоУраган” системасы да иштеп жатат.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын унааларына GPS менен видеокөзөмөл орнотулуп, борбордук тутумга туташтырылды.

“Учурда борбордук тутумдан кызматтык унаа кайда жүргөнү, кызматкерлер эмне кылып жатканы көзөмөлдөнүп турат. Унаанын алды-артында жана салонунда камера орнотулуп, болуп жаткан кыймыл-аракеттин баары мониторинг борборунда онлайн жазылууда. Мындан тышкары, кызматкерлердин көкүрөгүндөгү боди камералар дагы үзгүлтүксүз иштеп, кызматкердин ишин видео жана аудио түрүндө жазып турат”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда жол инспекторлору туристтик сезонго карата Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл облусунда GPS жана видеокамера орнотулган 160 патрулдук унаа менен иш алып барууда. Мындан тышкары, жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктай турган “АвтоУраган” системасы да иштеп жатат.
Көлдөгү туристтик сезонго карата милиция кызматкерлери даярдыктан өттү. Сүрөт