Улуттук гвардиянын аскери зордуктоого шектелүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте Улуттук гвардиянын аскери зордуктоого шектелип жатканын Sputnik Кыргызстанга укук коргоо органдарындагы маалымат булактар кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, милицияга аскердин үстүнөн арыз түшкөн.

“Арыз түшкөн маалда аскер эмгек өргүүдө жүргөн. Материалдар кийинчерээк Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн”, — деп билдирди маалымат булагы.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул маалыматты тастыктап, учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы ишти иликтеп, экспертизалар дайындалганын билдирди.
Ош шаарынын жана Ош облусунун прокурорлору дайындалды