Эптеп иштеп, убакыт өткөрүүгө болбойт! Шакиев Кербен мэринин ишин сынга алды

Төрага 30 миңден ашуун калкы бар шаар каралбай калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Кербен мэринин ишин сынга алып, ага шаарды күнүгө жөө кыдырып, жагдайды көзөмөлдөп турууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.
Анда спикер бүгүн, 15-июнда, 30 миңден ашуун калк жашаган Кербен шаарынын инфраструктуралык абалы менен таанышып чыкканы айтылат.
Анын жыйынтыгында Шакиев Кербен шаарынын мэри Эрнис Зияйдиновдун ишин сынга алып, 20 жылдык тарыхка ээ шаар каралбай калганын белгилеген.
“Кербен чоң деле шаар эмес. Күнүгө жөө кыдырып, калаадагы жагдайды өз көзүңүз менен көрүп чыгышыңыз керек. Айрыкча көчөлөрдөгү тазалыкка көңүл буруп, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришиңиз зарыл. Азыр ыкчам жана активдүү иштөөнүн заманы. Эптеп иштеп, убакыт өткөрүүгө болбойт”, — деген Шакиев.
Быйыл Кербен шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 200 миллион сом бөлүнгөн.
Төрага мэрге каражатты сарамжалдуу пайдаланып, негизги инфаструктуралык маселелерди чечүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле Абдыкадыр Дүйшөбаев атындагы борбордук стадионду быйыл 10-октябрга чейин бүткөрүүнү талап кылды.
“Быйыл — Кербен шаарынын 20 жылдыгы. Андыктан октябрь айындагы мааракеге чейин бардык иштерди бүткөрүү зарыл. Мааракени майрам катары эле караганыбыз болбойт. Жасаган иштериңер боюнча отчет берип, калаанын 20 жыл ичинде кандай өзгөргөнүн көрсөтүшүңөр керек”, — деди Шакиев.
Кербен 1930-жылы түптөлүп, шаар макамын 2004-жылы алган.
Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу башталды