“Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Анын мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин сындаганга да акыбыз жок”,— деди Жапаров.
“Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар Кемпир-Абадды кетип жатат деп элди адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып "бийликти сүрүп түшөлү" деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү.Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр үч адам бизден, үч адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот”, — деди Жапаров.