Ошто сабантуй майрамы өттү. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. Ошто "Сабантуй" майрамы белгиленди.
1 / 4

Ошто "Сабантуй" майрамы белгиленди

2 / 4

Иш-чара 15-июнь күнү Т.Сатылганов атындагы шаардык паркта өттү. Ага калаа мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

3 / 4

Уюштуруучусу – "Илькаем" татар-башкыр улуттук маданий борбору

4 / 4

Анын президенти Равиль Ахмеровдун айтымында, сабантуй Ошто 28 жылдан бери өткөрүлүп келет

Иш-чара 15-июнь күнү Т.Сатылганов атындагы шаардык паркта өттү. Ага калаа мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Уюштуруучусу – "Илькаем" татар-башкыр улуттук маданий борбору. Анын президенти Равиль Ахмеровдун айтымында, сабантуй Ошто 28 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын алкагында сынактар, ыр-бийлер аткарылып, чак-чак дасторкондун көркүн ачты.
Сабантуй — татар жана башкырлардын жазгы талаа иштеринин бүтүшүнө арналган, жыл сайын өтчү элдик майрамы.
Радио
Кыргызстан Татарстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасайт