Кыргызстандык спортчулар БРИКС оюндарынын үчүнчү күнүндө 6 медаль утту

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. БРИКС оюндарынын үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз курама командасынын капчыгы алты медалга толду.
Медалдардын саны боюнча учурда Кыргызстан 13-орунда турат. Ата мекендик спортчулар бир күмүш жана алты коло медаль утту. Республиканын атынан 100дөн ашуун спортчу барган.
Мелдешке жалпысынан 90 өлкө катышууда. Азырынча Россия биринчи сапта (79 медаль), андан кийин Беларусь (38) жана Кытай (16) турат.
БРИКС оюндары Казань шаарында 12-июндан 23-июнга чейин өтөт.
Кыргызстан БРИКС оюндарында алгачкы медалга ээ болду