Мамлекет эки жылда ишкерлерге берген пайызсыз насыянын көлөмү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 6,8 миллиард сом пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Долбоор ишин баштаган 2022-жылдан бери дээрлик 10 миңге чукул ишкерге пайызсыз насыя берилген.
1 миллион сомго чейин 8,6 миң ишкерге берилген. Жалпы — 4,9 миллиард сом.
3 миллион сомго чейин 1 305 адамга берилген. Жалпы — 965,9 миллион сом.
Белгилей кетсек, долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий жыл соңуна чейин узартылды