Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ элчиси: G7нин Москва активдеринин кирешесин колдонуу чечими легитимсиз

Батыш өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард евролук валюта корунун дээрлик жарымын тоңдурган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов тоңдурулган орус активдеринен түшкөн каражатты Украинага жардам берүү үчүн колдонуу боюнча "Чоң жетиликтин" чечими легитимсиз экенин билдирди.

“Бул жерде саясий мотив бар. Алар фронтто набыт болгон миңдеген украиналыктардын тагдырына кайдыгер караган Киевдеги режимди колдоп жатышат”, деген Антонов.

Украинада атайын операция башталгандан кийин “Чоң жетилик” жана Евробиримдик өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард еврого жакын валюта корунун дээрлик жарымын тоңдурган. Кечээ G7 өлкөлөрү Киевге жылдын аягына чейин Москванын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүү ниетин расмий ырасташты.
Кремль мындай чечим кабыл алынса “эл аралык укуктун бардык нормалары бузуларын” эскертип келет. Тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер тоңдурулган активдер конфискацияланса, анда Россия ошондой эле жооп кайтара турганын айткан.
Медведев: Батыш Арменияны азгыруу үчүн капканга жем таштап жатат