Кийинки аптада Бишкектин бир бөлүгүндө газ чектелет

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 18-19-июнь күндөрү борбор шаардын бир бөлүгүндө газ чектелет. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек газ" кызматы бул күндөрү Сүйөркулов, Жунусалиев, Каралаев, Шопен көчөлөрүндө орто жана төмөнкү басымдагы түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзөт.
"Абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайбыз. Жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстан менен “Газпром” ишканасы узак мөөнөттүү келишимдерге кол койду