Бишкектин борборунан 53 маршруттук микроавтобус алынууда. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн, 15-июнда, Бишкектин борборунан 53 маршруттук микроавтобус алынарын калаа мэриясы билдирди. Бул 1 202 маршрутканы түзөт.
Мындай чара жол тыгынды жоюу максатында жасалууда.
Кайсы маршруткалар алынарын жана алардын жаңы каттам схемасын Sputnik Кыргызстандын Телеграм каналынан көрсөңүз болот.
Кеп № 128, 130, 132, 135, 136, 137, 138, 148, 172, 175, 188, 192, 193, 202, 203, 204, 208, 215, 220, 224, 243, 258, 266 маршруткалар тууралуу болууда.
Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен коомдук транспорт элди акысыз ташыйт