16-июнга карата аба ырайы

16-июнда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас аймагында 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 21…26, Нарын өрөөнүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 31…33 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 34…36, Чолпон-Атада 21…23 градусту көрсөтөт.
Радио
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жаңы каталогун түзүү зарыл