Келечекте суу тартыштыгы жаралабы? Кыргыз мөңгүлөрүнүн орду

Sputnik
Кыргызстанда суу ресурстары 458 миллиард метр куб деп эсептелип жүрөт. Анын 85 пайызы мөңгүлөрдө сакталып турат. Агын суу менен дарыяларда жалпысынан 51-52 миллиард метр кубдун тегерегинде. Жылына мунун ичинен 39 миллиард метр куб суу коңшуларга кетип турат. Өзбекстан — 24-25 миллиард метр куб, Кытай — 7 миллиард метр куб, Казакстан — 4-5 миллиард метр куб жана Тажикстан 2 миллиард метр куб суу алат. Буларды биз Киров, Орто-Токой, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарда топтоп берип турабыз.
Биз окумуштуу менен суу маселелесинин келечеги жана андагы кыргыз мөңгүлөрүнүн орду тууралуу сүйлөштүк.