Жети-Өгүздө 27 млн. сомдук бала бакча бүтпөй жатып бузула баштады. Айыл элинин арызы

Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында алты жыл мурда 68 орундуу бала бакча салына баштаган. Бирок 25 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн мектепке чейинки билим берүү мекемеси азыркыга чейин ишке бериле элек.
Sputnik
Объект эптеп эле жасалгандыктан ишке берилгенге чейин эле кайра чекесинен урай баштаганын айткан айыл тургундары аргасыздан бийлик башындагыларга кайрылуу жасашты. Жергиликтүү тургундар өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден бакчаны эртерээк ачып берүүгө жардам берүүнү суранууда.
Кайрылуу жасагандардын бири Оболкан Кадырованын айтымында, бул айылда бала бакча таптакыр болгон эмес. Мындан улам 2018-жылы 68 орундуу бала бакча салуу тууралуу долбоор жазылган.
"Долбоордо бакча бышкан кирпич менен салынсын деп жазылган. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан бала бакча курууга тендер жарыяланып, аны "Саруу строй" деген компания утуп, сала баштады. Бирок дубалдары кыштан болгон жок. Жеңил конструкция менен көтөрүп, ошону менен токтоп калды. Долбоор өтпөй калды деп жатып эле акыры ушинтип салышты. Былтыр күздө ачылат деп ачылбай калды, эми колдонууга болбойт деп жатышат", — деди Кадырова.
Жашоочулар жиберген видеодон объектинин чатыры чекесинен түшүп, ичинен шыбы урап, батареялары жарылып, ичи көгөрүп кеткенин көрүүгө болот. Жергиликтүү тургун Айгүл Молдогазиева айыл эли бакчага аябай муктаж экенин, маселе алты жылдан бери чечилбей жаткандыктан президентке кайрылууга туура келгенин белгилеген.
"Бала бакча салына баштады деп аябай сүйүндүк эле. Андан бери алты жыл өттү. Бүтмөк турсун, кайра шыбы түшүп урай баштады. Келиндер иштейт, балдарды үйдө бүт эле чоң энелер карайт. Бизге бакча керек болуп жатат. Урматтуу, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, ушул көйгөйүбүздү чечип, бакчаны бүтүрүп беришиңерди суранабыз", — деген Молдогазиева.
1 / 3

Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында алты жыл мурда 68 орундуу бала бакча салына баштаган

2 / 3

Бирок 25 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн мектепке чейинки билим берүү мекемеси азыркыга чейин ишке бериле элек

3 / 3

Объект эптеп эле жасалгандыктан ишке берилгенге чейин эле кайра чекесинен урай баштаганын айткан айыл тургундары аргасыздан бийлик башындагыларга кайрылуу жасашты

Иштин мынчалык созулуп кетишине эмне себеп болуп жатканын билүү үчүн аталган объектини көзөмөлдөгөн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен байланыштык. Фонд төрагасы Самат Медеров бакчаны тендерден жеңген "Саруу строй" компаниясы салганын айтып, курулушту айтылган убакытта, талаптагыдай бүтүрбөгөндүгү үчүн ишкананы сотко беришкенин белгиледи. Бирок сот иши башталгандан көп өтпөй курулуш компаниянын ээси каза болуп, ошону менен иш токтоп калган.
"Бул кызматка келгениме үч эле жыл болду. Тендер 2018-жылы өткөн. Курулуш компаниянын ээсинин 2021-жылы эле объектини өткөрүп берем деген кепилдик каты бар болчу. Бирок өз учурунда бүтүргөн эмес. Ошол себептен сотко бергенбиз. Мен келгенде атайын адистер менен текшерип, сыртынын сапаты начар болуп калганын айтып, акчасын кайтарасың деген талап койгонбуз. Сотко бергенден көп өтпөй эле компания ээси каза болуп калды. Эми алты айдан кийин ал кишинин мүлкү жакындарынын бирине өтөт, андан кийин гана сот иши уланат", — деди Медеров.
Буга чейин айрым ЖМКлар аталган айылдагы бала бакча салууга 27 миллион сом бөлүнгөнүн жазышкан. Медеров бул сумманын дээрлик 90 пайызы берилгенин айтты.
"Бүт эле акчасы берилген. Кийин каржылайбыз деп кичине эле калдык калган. Биз эми соттун чечимин күтөбүз. Сотто жеңсек алар менен келишимди жокко чыгарабыз. Андан соң алар (каза болгон кишинин мүлкүнө ээлик кылгандар) мамлекетке келтирген зыянды төлөп берет. Кайра тендер өткөрүп, башка ишкана бала бакчаны оңдоп, аягына чейин бүтүрмөкчү", — деди Медеров.
Ал учурда бул объект боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып, курулушту агенттик бүтүрүп калышы да ыктымал экенин белгиледи. Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавдинов бул объект толугу менен Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна карагандыктан жергиликтүү бийлик эч нерсе кыла албай турганын белгиледи.
"Курулуш иштерин көзөмөлдөш үчүн аны өзүбүзгө өткөрүп алышыбыз керек. Фондго деле "мынча акча кетти, мынчасы калды, биз карай албай жатабыз" деп тийиштүү адистер менен сот аркылуу өткөрүп бергиле деп сунуш бердик. Анан кайрадан сметасын эсептеп, каржы булактарын тапмакпыз. Бирок фонд буйрутма берген тарап катары буга чейинки курулушка кеткен акча маселесин чечип бериши керек. Андан кийин жоопкерчиликти алабыз. Такыр жарабайт десе түрттүрүп салабыз. Кеткен каражат боюнча фонд өзү иш алып барат", — деди аким.
Салынып бүтө элек жатып бузулган бул бала бакча качан ишке берилери белгисиз.
Ысык-Көлдүн жээгине жакын мыйзамсыз курулуштар алынууда. Орунтаев кыдырган видео