УКМК лицензиясы жок диний лагерлерге балдарды жөнөтпөөгө чакырды

Атайын кызмат өлкөдө мыйзамсыз ачылган медреселерди аныктап, жабууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер кеңири жайылганын айтып, аларга тыкыр текшерген соң гана балдарды жиберүү керектигин билдирди.
"Салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатат. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун, тагыраагы, каттоосун, уруксат кагаздарын, лицензияларын жана окуу планын текшерип алууну сунуштайт", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, атайын кызмат өлкө аймагында мыйзамсыз иштеген медреселерди аныктап, жабууда.
Кыргызстанда өз убагында каттоодон өтпөй калган диний уюмдар да катталып жатат.
Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар. Тизме